Куурчакча
Көрүнүш
Куурчакча — толук кубулма курт-кумурскалардын жеке өөрчүүсүндөгү личинкадан кийинки стадиясы. Көпчүлүк куурчакча азыктанбайт жана кыймылсыз болуп, пилланын ичинде жайгашат. Куурчакчада ички кайра куруу ишке ашып, анын натыйжасында алар жетилген жандык — имагого айланат. Куурчакчанын тиричилик узактыгы 6—10 күндөн бир нече айга чейин созулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9