Дрю Бэрримор

Википедия дан
Barrymore (2009)

22-февраль 1975-жылы Голливуд актрисасы Дрю Бэрримор Лос-Анжелес шаарында төрөлгөн. Кичинекей чагында атасы мас абалында үй-бүлөсүнө кол салып, алардын арасында Дрю дагы мындай кордукту көрүп чоңойгон. Дрюнун кинокарьерасы ымыркай кезинде эле башталган. 9 айлык наристе кезинде жарнамалык роликке тартылган болсо, 2 жашында алгачкы жолу “Неожиданная любовь” киносунда чакан роль жараткан. Беш жылдан кийин ийгилик коштоп, Спилбергдин “Инопланетянин” фильмине тартылуу менен атагы алыска тарап, ушундан кийин “Американын чыныгы супер жылдызы” деген атка конгон.