Дубан

Википедия дан

Дубан (кытайча, дуан – аймак; арабча, диван – акимдик жыйын) – 17–18-кылымда, болжолу андан да арыраак мезгилдерде, кыргыз жергесинин жайгашуусу боюнча бөлүнгөн аймактардын аталыштары («Көл дубаны», «Жети-Суу дубаны» жана башка). Дубандын ээлеген аянты абдан чоң чөлкөмдөрдөн турган («Дубандан чыккан жорго элем», Токтогул). Дубандар бир уруу же бир эле тайпа эмес, көптөгөн тайпалардан (уруулар) турган. Дубан орустар келгенге чейин аймактык башкаруу бирдиги да болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1