Дубинецкий Захар Васильевич

Википедия дан

Дубинецкий Захар Васильевич (1893, Новосибирск облусу, Чистоозерский району, Кулунда кыштагы – 1985, КР, Калинин району, Ленин атындагы колхоз) – кызылчачы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1947). 1939-жылдан Кыргыз ССРинин Калинин районундагы Ленин атындагы колхоздун кант кызылчасы боюнча бригаданын бригадири болуп иштеген. 1946-ж. 6 га жердеги кант кызылчасынын ар гектарынан 807,5 цден түшүм жыйнап алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1