Кант кызылчасы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Кант кызылчасы.

Кант кызылчасы (лат. Beta vulgaris, var. saccharifera) - кызылчанын бир түрү; кант алынуучу эки жылдык өсүмдүк. Биринчи жылы түбүнөн жалбырак, ширелүү, канттуу мөмө тамыр пайда болот. Экинчи жылы жалбырак моюнчасындагы бүчүрдөн гүл сабагы өсүп чыгат. Каптал тамырлары 100 см чейин жетет, К. к-нын паренхима тканына кант жыйналат. К-нын орто (жоон) жеринде кант көп болот (17-18 %). Аба ырайынын ыңгайлуу шартында кант к-сы 6-8 күндө өсүп чыгат. Ар бир түп кызылча 70ке жакын жалбырак байлап, анын өсүү убагы 25-70 күнгө созулат. Вегетация мезгилинин биринчи жарымында К. к-да кургак заттын, көбүнчө канттын пайда болушу күчөйт. Июль-сентябрь айларында жалбырак менен тамырдын өсүшү басаңдап, канттуулугу артат. Кант кызылчасы чиринди катмары калың жана агрофизикалык касиети жогору кара топуракта жакшы өсүп, арбын түшүм берет. К. к. тамак өнөр-жайынын мыкты сырьесу. Андан баалуу тоют, топ шире жана жалбырак алынат. К. к-нан алынуучу кант дүйнөдө алынган канттын 30 %ин түзөт. Анын курамында 75 % суу, 25 % кургак зат, 2,5 % клетчатка, 2,5 % пектин, 0,8 % фруктоза менен глюкоза жана 1,1 % азотсуз зат бар. К. к-нын азык тамырында балкамышындагыдай эле канттын молекуласы (сахароза) бар экендигин немец химиги А. С. Маркграф 1747-ж. айткан. Кыргызстанда К. к. 1925-ж-дан баштап айдала баштаган. Кийин агротехникалык эрежелерди сактоонун, техниканы, минералдык жана орг. жер семирткичтерди колдонуунун натыйжасында түшүм арбып, аянты да көбөйгөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]