Пектиндер

Википедия дан

Пектиндер (грек. pektos – уюган, коюуланган) - өсүмдүктөрдө, ошондой эле кээ бир балырларда кездешүүчү ири мол. массалуу полисахариддер. П. өсүмдүктөр бардык органында, өзгөчө ширелүү мөмө-жемиште, жашылчада (апельсин, абрикос, алчада, алма, алмурут, кызылча, жүзүм, томат, сабиз ж.б.) кездешет. П. заттары структуралык негизин 1- жана 4-көмүртек атомдору кычкылтек атомдору менен байланышкан (1-4 гликозиддик байланыш) a-D-галактурон кислотасынын калдыктарынан турган полигалактурон к-тасы түзөт:

П. жаратылышта полигалактурон к-тасындагы карбоксил топтору бүтүндөй же жарым жартылай метил спирти менен этерификацияланган түрдө болот, сууда жакшы эрийт жана бышып жетилген жашылча-жемиштерде көп кездешет. П. өнөр жайда көбүнчө кызылча жомунан, алма калдыгынан, цитрус калдыктарынан к-талык же щелочтук экстракциялоо методу же ферментик ажыратуу ыкмасы менен алынат. П. кумшекер менен болгон суудагы эритмеси органикалык  кислоталар катышуусунда килкилдек затты пайда кылат. Анын бул касиети практикалык чоң мааниге ээ. Тамак-аш өнөр жайында кеңири колдонулат (желе, мармелад жана башка жасоодо). П. кээ бир заттар, ошондой эле поливаленттик металлды адсорбциялоо касиети медицинада организмден уулуу заттар, оор металлдар иондорун, радионуклеотидди алып чыгып кете турган андан алуучу препараттар даярдоодо колдонулат. О. эле П. кээ бир пролонгатордук таасирге ээ, дары-дармек, плазманын ордуна куюлуучу заттарды алууда да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]