Дулу

Википедия дан

Дулу - Батыш Түрк кагандыгынын курамына кирип, бир уруудагы он окко бөлүнүп, дулу жана нушиби аталган беш уруктун конфедерациясы. Аталган экөөнүн ортосунда Батыш Түрк каганатында алдыңкы күч болуш үчүн ар дайым атаандаштык жүрүп турган. Дулулардын союзуна Батыш Түрк кагандыгынын чыгышындагы (Иле өзөнүнүн бою) беш аймакты ээлешкен чумугун, хулуву, нешетидун, туциши, хелоши жана шуниши чубин уруктары киришкен. Ар бир уруктун башына бирден шад шайланып, бийлик белгиси катары ага жаанын жебеси тапшырылган. Чуло-хан Тамандын тушунда (604-611-жылдарда башкарган) кагандыкты дулу союздары бийлеп, бирок, бир аз убакыттан кийин Шегуй-хандын бийликке келиши менен, нушиби уругу үстөмдүк кылууга жетишкен. Кийин Тонжабгу-каган реформа жүргүзүп (618-630), дулу менен нушибинин укугун теңештирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5