Дунган тили

Википедия дан

Дунган тили – дунган элинин тили. Син-тибет тилдеринин тобуна кирет. Кээ бир окумуштуулар дунган тилин кытай тили же анын диалекти деп эсептеп жүрүшөт. Дунган тили өзүнчө тил экенин окумуштуулар (Е. Д. Поливанов жана башка) фактылардын негизинде далилдеген. Дунган тилинде Кытайда, Өзбекстанда, Казакстанда жана Кыргызстанда жашаган дунгандар сүйлөйт. Орто Азияда жашаган дунгандардын тили ганьсу жана шеньси деген эки диалектиден турат. Ганьсу диалектине ягэ, шеньси диалектине дунмый айтымы (говору) кирет. Дунган адабий тили ганьсу диалектинин негизинде түзүлгөн. Дунган тилинин сөздүк курамында араб-иран, уйгур, кыргыз, татар, казак, өзбек жана орус тилдеринен кирген сөздөр кездешет. Дунган тилинин жазуусу 1928-ж. чейин араб, 1928–53-ж. латын графикасында болгон. 1953-жылдан орус графикасында.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1