Дункана, Кочуке уулу

Википедия дан

Дункана Кочуке уулу (1886, Нарын облусу, Нарын району Эчки-Башы айылы – 1981, ошол эле жер) – семетейчи. 1930-ж. айыл кеңешинин төрагасы, кийинчирээк чабан болуп иштеген. Адегенде Тыныбек манасчынын нускасын алган. «Манас» айтуунун чеберчилигин Чоюке, Дыйканбай манасчылардан үйрөнгөн. Замандаштары Саякбай Каралаев, Мамбет Чокморовдор менен тааныш болуп, таасирлерин алган. «Семетейди» жакшы өздөштүрүп, элге семетейчи катары таанылган. Дунканадан «Манас» эпосунун «Семетей» бөлүгү толук, ал эми «Манастын» өзүнөн «Манастын балалык чагы», «Кө-көтөйдүн ашы», «Чоң казат» деген салттык туруктуу окуялар жазылып алынган. Анын вариантын филолог-окумуштуулар С. Бегалиев, Р. Сарыпбеков кагаз бетине түшүрүп, КР УИАнын кол жазмалар фондуна 1965–67-ж. тапшырышкан.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.