Дуулат (этноним)

Википедия дан

Дуулат (этноним), дуглат, доглат — "Манас" эпосундагы моңгол урууларынын бири. Тарыхый даректер боюнча Д-тар 13-кылымдан кийин негизинен Орто Азия Жети-Суу, айрыкча Чыгыш Түркстанга чейин көчүп келишкен. Алар бара-бара түрктөшүп, үрп-адаттарын, тилин жоготушкан. Д-тардын ири бөлүгү 15-кылымдан тартып Жети-Суу аймагында казак элине сиңип кеткен. Алардын эмирлери Тимур жана тимурийлерге кызмат өтөшкөн. Д. эмирлери Чыгыш Түркстандын Маңлай-Суй аттуу аймагын бийлеп келишкен. Алардын ири өкүлдөрү Моголстан мамлекетинин улус бектери болуп, өлкөнү бийлөөдө көрүнүктүү роль ойногон. Айрым Д. эмирлери өзүлөрүнө жакпаган Моголстан кандарын өз каалолору боюнча алмаштырганга чейин барган. Ал гана эмес эмир Камар ад-дин кан Ильяс кожону өлтүрүп, Моголстанды өзү башкарып турган Д. эмирлеринин бири Мухаммед Хайдар 16-кылымда "Рашидинин тарыхы" аттуу баалуу эмгекти парсы тилинде жазып калтырган. Ал Моголстан мамлекетинин тарыхына арналган. "Манас" эпосунда моңгол урууларынын бири Д-тар наймандар менен бирге Чоң казатка активдүү катышкан эл катары сүрөттөлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4