Дыйкандар аскери

Википедия дан

Дыйкандар аскери ― 1918-жылы жайында Жалал-Абад аймагындагы Көгарт өрөөнүндө басмачылардан коргонуу максатында түзүлгөн майда кошуундар бирикмеси. Дыйкандар армиясы Фергана облустук штабына баш ийген. Бирок аскер комиссары Осиповдун көрсөтмөсү боюнча Дыйкандар аскеринин катарына ак гвардиячы офицерлер кирип алып, Совет бийлигине каршы козголоңдорду уюштурушкан. 1919-жылдын июлунда Дыйкандар аскеринин жетекчилери кулак Монстров, штабдын начальниги генерал Муханов, корбашы Мадаминбек макулдашып, сентябрда Ош менен Жалал-Абадда Совет бийлигин кулатышкан. Анжиянды курчап, ала албай коюшкан. Бирок Кызыл Аскеринин бөлүктөрү козголоңчуларды талкалаган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.