Дыйкандар реформасы (1861)

Википедия дан

Дыйкандар реформасы (1861)Россияда крепостнойлук укукту жойгон реформа. Дыйкандар реформасын жүргүзүү боюнча 1857-ж. Жашырын комитет (кийин Башкы комитет) жана губерниялык комитеттер түзүлгөн. 1861-ж. 19-февралда Александр II «Крепостнойлук укукту жоюу жөнүндөгү» манифестке жана «Крепостнойлук көз карандылыктан кутулган дыйкандар жөнүндө» жобого кол койгон (5-мартта жарыяланган). Анда дыйкандардын жеке керт башынын эркиндиги, жер үлүшү менен камсыз кылуу жана кутулуу акысы тууралуу маселелер каралган. Жер үлүшүнүн акысын төлөө үчүн дыйкандарга 49 жылдык мөөнөт менен насыя берилген. Помещиктердин ээлеген жерлери жеке менчикке калтырылган. Дыйкандар реформасынын натыйжасында 22,5 млн дыйкан крепостнойлук укуктан бошонгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1