Дыйкан депутаттар советинин олуяата уездиндеги биринчи съезди

Википедия дан

Дыйкан депутаттар советинин Олуя-Ата уездиндеги биринчи съездибольшевиктердин демилгеси менен 1917-ж. 1-декабрында Олуя-Ата шаарында өткөн. Съездде жергиликтүү бийлик толук бойдон Советтердин колуна өтүүсүн талап кылган токтом кабыл алынып, депутаттар советинин аткомуна 4 адам шайланган. Съезд Талас өрөөнүндө Совет бийлигинин орношуна түрткү болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1