Большевиктик топтор
Большевиктик топтор Кыргызстандагы. Февраль революциясынан кийин Кыргызстанда социал-демократиялык топтор түзүлө баштаган. 1917-жылы мартта Сүлүктүдө тажрыйбалуу большевик Д.Т. Деканов большевиктик топ түзгөн жана башчылык кылган. Социал-демократиялык топтор апрель-июнда Пишпекте, Ошто, Кызылкыяда пайда болгон.
Кыргызстандагы бул топтордун өзгөчөлүгү – адегенде алардын курамында большевиктердин, меньшевиктердин жана эсерлердин топтору болгондугунда. Алар социализмди ар түрдүүчө түшү-нүшүп, негизинен социалисттик платформада турушкан. Пишпектеги жана Оштогу топтордо меньшевиктер басымдуулук кылган. Ошондуктан большевиктер мындай уюмдардан чыгып, эл арасында өз алдынча иштерди жүргүзүшкөн.
1917-жылы майда большевиктер Пишпекте кыргыздардын революциячыл Букара союзун түзүшкөн. Аны түзүүдө К.Сарыкулаков, К.Сандыбаев, Б.Муратов жана башка чоң роль ойношкон. Бул союз кыргыз кедейлеринин социалдык жана улуттук кызыкчылыктарын коргогон «Букара» союзу 1917-жылы күздө 7 миңден ашуун адамды бириктирген. Октябрь революциясынын жеңишинен кийин Кыргызстанда большевиктик топтор пайда болгон.
Алар биринчилерден болуп, Сүлүктү, Кызылкыя, Ошто түзүлгөн. Оштун большевиктеринин арасында активдүү ролду Б.Султанов, М.Сарымсаков жана башка ойношкон. 1918-жылы 2-апрелде Пишпекте большевиктик топтордун уюштуруу жыйналышы болуп, ал М.И.Иваницын жетектеген Шаардык партиялык комитетти шайлаган.
Активдүү массалык-саясий иштердин натыйжасында Пишпек шаардык партиялык комитети тез эле уезддик-шаардык комитет болуп кайра түзүлгөн. 1918-жылдын жарымында көптөгөн айылдарда большевиктик уюмдар түзүлгөн. Андан кийин Токмокто, Пржевальскиде, Нарында шаардык партиялык уюмдар түзүлгөн.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003.
- “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
- “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”.
- “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
- “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.