Дыңша

Википедия дан

Дыңшатопоним, эпостун варианттарында дуңша, дыңша, туңша, дуңшаң деген формаларда айтылып, негизинен эл жана жер (шаар, чөл.талаа маанисинде айтылат: "Беги качкан берен журт Бейпай Туңша деген журт" (Сагымбай Орозбаков, 4. 275), "Кытайлар Дыңша дээр экен, Кырк күнчүлүк чөл экен" ( Саякбай Каралаев, 1, 11). "Качып кетер жолуна, Дыңша талаа боюна, Он эки чоро жиберген" ( Саякбай Каралаев, 1. 210). Мында "дыңшаң" же "дуңшаң" термини менен Кытайдын Гансу провинциясында жашаган моңгол тилинде сүйлөгөн эл (дунсян) жана ошол эл жашаган реалдуу аймак аталат. Дагы бир учурда:

Чынмачынга, Бээжинге

Чын Каканга, Туңшага

Алоокенин Коңурбай

Улук болду мынчага ( Саякбай Каралаев, 1. 166),— деп айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4