Дэнни Бойл

Википедия дан

Дэнни Бойл (англ. Danny Boyle; 1956-жылы, 20-октябрда туулган) - англиялык режиссер, продюсер, сценарист жана театралдык режиссер. Ал "Терең эмес көр" (анг. Shallow Grave), "Трейнспоттиң" (анг. Trainspotting), "Пляж" (анг. The Beach), "28 күндөн кийин" (анг. 28 Days Later), "Күн шооласы" (анг. Sunshine), "Кедей район миллионери" (анг. Slumdog Millionaire), "127 саат" (анг. 127 Hours), жана "Стив Жобс" (анг. Steve Jobs) аттуу тасмалардагы иши менен белгилүү. Анын "Терең эмес көр" аттуу дебюттук тасмасы "BAFTA" сыйлыгынын "Эң мыкты британиялык тасма" наамын жеңип алган. Ал эми Бойлдун "Кедей район миллионери" тасмасы "Оскар" сыйлыгынын он наамына көрсөтүлүп, "Эң мыкты режиссер" наамын камтыган жети сыйлыкты утуп алган. Ал ошондой эле "Алтын Глобус" жана "BAFTA" сыйлыктарынын "Эң мыкты режиссер" наамын жеңип алган. Буга кошумчалай 2008-жылы "Остин Кино Фестивалында" "Кино тартууга өзгөчө салым кошуу" сыйлыгына ээ болуп, ал жерде "AAF Көрүүчүлөр" сыйлыгын жеңген "Кедей район миллионери" тасмасын тартуулаган.

2012-жылы ал 2012-Жайкы Лондон Олимпиядалык оюндарындагы "Кызыктар аралына" көркөм жетекчи болгон. Ага Жаңы-Жылдык урмат катары баатырдык наам сунушталып, бирок четке кагылган. 2014-жылы Бойлдун Манчестердеги "Homeдун" жетекчиси болоору билдирилген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]