Дэстэн Валери Жискар

Википедия дан

Дэстэн Валери Жискар (1926- ж. т.) - Француз республикасынын мамлекеттик ишмери.

Ак сөөк үй-бүлөдөн. Экинчи дүйнөлүк согуш убагында Каршылык көрсөтүү кыймылына катышкан. Согуштан кийин Политех, мектепти бүтүрүп финансы инспекторунун адистигин алган. 1956-жылдан Улуттук чогулуштун депутаты. Бир топ жыл өкмөттүн курамында жооптуу кызматтарда иштеген. 1962-жылдан (8 жыл) экономика жана финансы министры. 1974-жылдын мартынан ошол эле кызматта. Ал экономика жана илим, техника жагынан кызматташуу боюнча советтик-франц. туруктуу комиссиянын франц. бөлүмүнө төрагалык кылган. 1967-жылдан өкмөттүк коалициядагы көз карандысыз республикачылардын улуттук федерация партиясына жетекчи. 1974-ж. 19-майдан өлкөнүн президенти. СССРге бир нече жолу келип кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.