Дюшеналиев Божо

Википедия дан

Дюшеналиев Божо (туурасы Дүйшөналиев; 1934-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - медицина илимдеринин кандидаты (1969).

  • Медицана институтунун дарылоо факультетин бүтүргөн (1957).
  • Ал 1957-63-жылдары Жалал-Абад шаарындагы ооруканада хирург жана бейтапкана (поликлиника) башчысы болгон.
  • 1963-жылдан медициналык институттун госпиталдык хирургия кафедрасында клиникалык ординатор, андан кийин аспирант.
  • 1969-жылдан 2004-жылга чейин Иса Ахунбаев атындагы медициналык академияда окутуучу, улук окутуучу болуп иштеген.
  • 1997- 2000-жылдары улуттук хирургия борборунда уюштуруу методикалык бөлүмдү жетектеген.
  • 2004-жылдан Бишкектеги көп тармактуу клиникада консультант болуп иштеп жатат.
  • Ал 50гө жакын илимий эмгектин, методикалык көрсөтмөнүн жана монографиянын автору.
  • Негизги эмгеги боор ооруларын хирургиялык жол менен айыктырууга арналган.
  • Кыргыз ССР Жогорку Советинин Грамотасын, Кыргыз Мамлекеттик медициналык институттун жана Кыргыз советтик профсоюз комитетинин ардак грамоталары, «Эмгек ардагери» медалы менен сыйланган.
  • Фрунзе шаардык советине депутат болуп шайланган.
  • Шаболот уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9