Дүйнөнүн жети керемети

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Дүйнөнүн жети керемети. Дүйнөлүк сызык
Вавилон дубалы

Дүйнөнүн жети керемети, же Байыркы дүйнөнүн жети керемети (б.-грек. ἑπτὰ θεάματα τῆς οἰκουμένης) —

Египет пирамидалары[оңдоо | булагын оңдоо]

Дүйнөнүн жетинчи керемети Египет пирамидалары. Египет пирамидаларынын эң чоңу фараон Хеопстун пирамидасы. Ал мындан 5000 жыл мурда курулган. Хеопс пирамидасынын бийиктиги 147 метр. Пирамида байыркы курулуштардын эң бийиги катары 4000 жыл бою саналып келген. Хефрендин пирамидасы Хеопстун пирамидасынан 2 метрге жапыз. Бул эки пирамида фараонго аз көрүнүп, анын жанына бүтүндөй аскадан чегилип жасалган таш күзөтчү коюуга буйрук берген. Бул күзөтчүнүн бети адамдыкы сыяктуу, ал эми тулкусу арстандын өзү. Ал Сфинкс деп аталат. Археологдордун айтымында пирамидаларды курууда 100 000 адам 20 жыл убактысын кетиргени аныкталган. Алты керемет жок болуп, жалгыз Египет пирамидалары бүгүнкүдөй сакталуу.

Родосс Колоссу[оңдоо | булагын оңдоо]

Биздин заманга чейин 3-кылымда Родос аралына Деметрий деген аскер башчы чабуул койгон. Бирок, ал родостуктарды жеңе алган эмес. Ошондон родостуктар чоң статуяны тургузмак болушат. Бул родостук Колосс - деп аталган. Бизче аталышы - заңкайган мамы. Колосс абдан чоң айкел болгон. Ал азыркы Түркиянын жээгиндеги Эгей деңизинин жанында жайгашыптыр. Колодон жасалып, бийиктиги 36 метр болгон өспүрүмдүн бул статуясын родостуктар колдоочубуз деп эсептешкен. Колосс канчалык бекем орнотулбасын, 50 жылдан кийин жер титирөөдөн кулап түшкөн. Ошол кулаган жеринде тогуз жүз жыл жатат да, биздин заманга чейин 654-жылы сириялык князь Родосту басып алып, айкелдин коло кабын сыйрып алып, токсон төөгө жүктөп кетиптир.

Галикарнастагы мавзолей[оңдоо | булагын оңдоо]

Биздин заманга чейин 377-жылдан 353-жылга чейин Мавсол Каринин башкаруучусу болгон. Азыркы Түркиянын Бодрум шаарынын мурунку аталышы Галикарнас болгон экен. Мавсол падыша аялы экөөнө арнап дүйнөнү суктандыра турган күмбөз курдура баштайт. Бирок, күмбөз бүткүчө Мавсол көз жумат да, күмбөздүн аягын биздин заманга чейин 350-жылдары жесири Артемисиа бүткөрөт. Күмбөз падышанын атынан "Мавзолей" деп аталып, ошол жерде алтын урнада анын сөөгүнүн күлү сакталган. Мавзолей деген сөз, бул имараттын атынан келип чыккан. Бул мавзолейди 15-кылымда крестүүлөрдүн жортуулу учурунда чеп куруу үчүн бузуп, кыштарын ташып кетишкен. Кийин археологдор жердин астынан 2 чоң эстеликти, ошондой эле түрдүү буюм-тайымдарды таап чыгышкан. Ал эстеликтер байыркы жубайлардыкы катары болжонуп, 1857-жылы бул табылгалар Лондондун Британ музейине жөнөтүлгөн. Ушул күндөрү күмбөз ордунда үйүлгөн гана таш тоосу бар дешет.

Эфестеги Артемида храмы[оңдоо | булагын оңдоо]

Гректин аял кудайы Артемидага арналып кичи Азиядагы Эфес шаарында курулган бул храм 120 жылга созулуп, биздин заманга чейин 550-жылдар ченде бүткөн. Храмды менменсинген усталар, скульпторлор, сүрөтчүлөр жасалгалашкан. Курулуштун ортосунда Ай кудайы Артемиданын эстелиги тургузулган. Бул керемет курулушту 200 жыл өткөндөн кийин, тагыраак айтканда биздин заманга чейин 556-жылы Геростат аттуу адам даңкка жетиш үчүн өрттөп кеткен. Кийин Александр Эфеске барып, храмды калыбына келтирет. Калыбына келген храм биздин заманга чейин 3-кылымга чейин сакталыптыр. Дүйнөнүн биринчи керемети аталган бул - Артемида храмы акырындык менен сууга чөгүп, акырында калдыктары эле калган.

Вавилон асма бактары[оңдоо | булагын оңдоо]

Бул керемет курулуш уламыш катары Семирамида канышанын асма бактары деп аталат. Грек-римдик жазуучулардын айтымында бул бакчалар биздин заманга чейин 600-жылдары Вавилондун Навуходоносор IIнин буйругу менен салынган. Бул шаар Евфрат дарыясынын жээгинде азыркы Багдаддын түштүк тарабында орун алыптыр. Асма бакчаны падыша өзүнүн жаш жубайы Амитиске арнап салдырган. Имараттын бийиктиги 40 метрге жеткен. Вавилон асма бакчасынын керемети ушунда. Имаратты жоондугу бир топ болгон бактар тешип чыгып турса да жарылбагандыгында. Бул керемет курулуш Евфрат дарыясынын ташкындаганынын натыйжасында кулаган.

Александр маягы[оңдоо | булагын оңдоо]

Биздин заманга чейин 280-жылдар ченде Жер Ортолук деңиздин Фарос аралында кемелер үчүн жандуу порт мунара курулган. Бул мунаранын бийиктиги 120 метрге жеткен. Египет падышасы Птолемейдин башкаруу мезгилинде курулган бул мунара 20 жылдын аралыгында бүткөн. Фарос мунарасы 3 бөлүктөн турган. Алдыңкы бөлүгүндө жумушчулар менен аскерлер байыр алып, үстү 8 бурчтуу болуп ал аркылуу эң үстүнкү мунарага көтөрүлүп чыгышчу. Ал жерде от күйүп турганы айтылат. Маяктын төбөсүндө улуу Зевстин айкели жайгашыптыр. Маяктын жалпы бийиктиги 117-метрди түзчү экен. Бул мунарадан алыскы кемелерди 50 чакырым аралыгында көрүп турушчу. Биздин заманга чейин 13-кылымда бул мунара дагы жер титирөөнүн кесепетинен кулаган.

Олимптеги Зевстин эстелиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Гректер кудайлардын падышасы аталган - Зевстин урматына Олимпиа шаарында эстелик курушкан. Бул эстеликти биздин заманга чейин 5-кылымда колунан көөрү төгүлгөн Фидий аттуу скульптор жасаган. Зевстин тактыда олтурган келбети алтын, пилдин сөөгү, кымбат жыгачтан жасалып, асыл таштар менен кооздолгон. Тактыда олтурган Зевстин эстелиги өтө зор, бийиктиги 14 метр болгон. Бул дүйнөнүн экинчи керемети 800 жылга жакын мезгилге чейин турган. Биздин заманга чейин 391-жылдары Олимпиадалык оюндарга үстөмдүк пайда болуп храм жабылат. Бир канча жылдан кийин Зевстин эстелиги Константинополго көчүрүлгөн. Биздин заманга чейин 462-жылы айкел турган ордо өрттөлүп кеткен.