Дүйшөнкул уулу Нуркамил

Википедия дан

Дүйшөнкул уулу Нуркамил ( 8.8.1992-ж.т., Жаңы-Базар айылы ) - спортчу (эркин күрөш, каратэ-до).

2010-11-жылдары Түркия мамлекетинин Болу шаардык эркин күрөш федерациясынын курамынын мүчөсү. 2013-жылы Түркия Республикасынын Алашехир шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда өткөн ачык чемпионаттын (2013, коло медаль), Косово мамлекетинин Приштина шаарында өткөн карате-до WSKU дүйнөлүк чемпионатынын (2014, 3-орун), Ош шаарында өткөн Кыргызстандын ачык чемпионатынын (2015, 1-орун) катышуучусу.

Көптөгөн эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген. Эркин күрөш боюнча облустук мелдештердин жеңүүчүсү. 2013-14-жылдары жылдары Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин жаштар комитетинин төрөгасы, 2014-жылдан баштап ушул эле факультеттин Жаштар акыйкатчысы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6