Дүлөй-дудуктук

Википедия дан

Дүлөй-дудуктук - тубаса же бала чакта укпай калуудан сүйлөөгө, угууга жарамдуулуктун жоголушу.

Угуу болбосо, сүйлөөнүн нормалдуу өсүшү мүмкүн эмес. Ошондуктан сүйлөп жүргөн 5-7 жаштагы балдардын кулагы укпай калса, Дүлөй-дудуктук пайда болот.

Дүлөй-дудуктуктун тубаса түрү аз кездешет, ага көбүнчө дүлөйлүккө алып келүүчү жугуштуу оорулар жана майыптык себепкер. Дүлөй-дудуктуктан сактануу чараларынан башка аны менен күрөшүүнүн негизги жолу сөзгө үйрөтуу. Мында балдардын көрүү жана сезүүсүн пайдаланып, өзгөчө ыкма менен аларды кишинин үнүн тууроого жана сөз түзүүгө үйрөтөт, к. Логопедия. Угуу үн күчөткүч жана муз. приборлордун, сүйлөөнү угуу аркылуу контролдогуч радиоаппараттардын жардамы менен калыбына келтирилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.