Дүмпүлдөк, оюн

Википедия дан

Дүмпүлдөк – элдик оюн. Оюнду жаштар түнкүсүн ойнойт. Шарт боюнча эки топко бөлүнүп, тутум боюнча аныкталган коргонуучу тарап атайы ала келишкен кийиз, кийимдерин калыңдай жамынып, бир жерге чогуу, тыгыз жатышат. Аркандын бир учун жаткандардын бирөө кармайт. Күчтүү, күлүк, шамдагай бирөөсү сакчы (сары айгыр) болуп, аркандын экинчи учун кармаган бойдон, коё бербей чогулуп жаткан өнөктөрүн тегерене чуркап туш-туштан келип чабууга аракеттенген атаандаш тарапка чаптырбай коргоого, ошол эле убакта аркан жеткен жерге чейин кууп барып, каршы жактын бирөөсүн кармап калууга аракеттенет. Сакчы бир жагын кубалаганча, беркилери экинчи жагынан келип эшкен жоолугу же куру менен сакчынын өнөктөрүн чаап кетип турушат. Экинчи тараптагылардын бирөө сакчынын колуна түшсө, ал тарап коргонууга өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5