Дүрбөлова Күлүшкан
Көрүнүш
Дүрбөлова Күлүшкан (20. 1. 1941-ж. туулган, Тоң району, Кажы-Сай шаарчасы) - саламаттыкты сактоонун отличниги (1979), эмгек ардагери (1984) жана 1-категориядагы акушерка.
- Фрунзе шаарындагы медициналык орто окуу жайын бүтүргөн (1960).
- Эмгек жолун Суусамыр участкалык ооруканасында акушерка болуп баштаган.
- 2002-ж. ардактуу эс алууга кеткен.
- Оорукананын, Саламаттык сактоо министрлигинин көптөгөн Ардак грамоталары менен сыйланган.
- «Эмгекардагери» медалынын ээси.
- Жайыл райондук кеңешинин 2-жолку чакырылышына депутат болуп шайланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9