Мазмунга өтүү

Альбрехт Дюрер

Википедия дан
Дүрер Альбрехт‎»‎ барагынан багытталды)
Альбрехт Дюрер

Альбрехт Дюрер (нем. Albrecht Dürer 21. 5. 1471, Нюрнберг – 6. 4. 1528, ошол эле жер) ― немис живописчиси жана искусство теоретиги, Кайра жаралуу доорундагы ири сүрөтчү. Алгачкы иштеринде («Паумгартнерлердин алтары», 1502–04, Эски пинакотека, Мюнхен) реалисттик багыттагы изденүүлөрү кийинки готика өнөрүнүн элементтери менен айкалышат. Реформация мезгили менен 1525-жылдагы Дыйкандар согушун чагылдырган сүрөттөрү («Төрт апостол», 1526) Кайра жаралуу доорундагы көркөм сүрөт өнөрүнүн ири жетишкендиктеринен болгон. Анын портреттери («Жигиттин портрети», 1521, Дрезден, Сүрөт галереясы) адамдын ички умтулуусун, ой-аракетинин тереңдигин көрсөтөт. Дюрер философиялык терең образдарга бай, формасы боюнча жаңы, тематикасы ар түрдүү гравюраларды («Рыцарь, өлүм жана азезил», 1513; «Ыйык Иероним», «Меланхолия», экөө тең 1514) жараткан. Дюрер архитектура, математика, механика жаатында да эмгектенген. Дүйнөлүк жана немис маданиятынын тарыхында анын трактаттары, күндөлүктөрү маанилүү орунду ээлейт.

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
  • Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004