Дүң баа

Википедия дан

Дүң баа – товарларды ири партия менен ишканаларгафирмаларга‚ сатуучу жана ортомчу уюмдарга‚ дүң соода жана сатуучу компанияларга сатуудагы баанын бир түрү. Дүң баа боюнча продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишканалар өз ара жана жабдуу-сатуу органдары аркылуу сатышат. Өнөр жай дүң баасы ишкананын дүң баасынан тышкары өзүнө жабдуу-сатуунун кошумчаланган баасын‚ керектөө товарлары боюнча бюджетке алынуучу жүгүртүү салыгын да камтыйт. Чет өлкөлүк тажрыйбада дүң баа товар даярдоочулар менен дүң соода фирмаларынын ортосунда‚ ошондой эле дүң жана чекене соодагерлердин ортосундагы жүгүртүүдө пайдаланылат. Эл аралык соодада адатта ички дүң баанын деңгээлинен төмөнүрөөк деңгээлдеги экспорттук (импорттук) дүң баа боюнча ишке ашырылуучу дүң операциялар үстөмдүк кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1