Дөрбөлжүн чопо кени

Википедия дан

Дөрбөлжүн чопо кени Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Баетов кыштагынан 4 км түндүктө, Дөрбөлжүн суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1897–1914 м бийиктикте. 1968–69-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындоо ишин жүргүзгөн. Кен аймагын антропогендин борпоң чөкмө тектери түзөт. Пайдалуу катмар аллювий чөгүндүлөрүнөн пайда болгон лёсс сымал кумайлуу чоподон турат. Катмардын калыңдыгы 2,5 –5,7 м. Кумайлуу топурак боз, саргыч боз түстө. Гранулометриялык курамы: 0,5 мм ден кесеги 0,46%, 0,5–0,1 мм 45,86%; 0,01–0,005 мм 11,90%, 0,005 ммден майдасы –41,78%. Ийилгичтиги 6,12%, суу сиңиримдүүлүгү 18,55%. Кумайлуу топурак “125”, “150” маркасындагы кирпич даярдоого жарамдуу. Запасы А категориясы боюнча 89 миң м3, В–152 миң м3, С1–1142 миң м3, А+В+С1–683 миң м3, С2–108 миң м3. 1996-жылга карата калган запасы А – 11 миң м3, В–152 миң м3, С1–442 миң м3, А+В+С1–605 миң м3, С2 - 108 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]