Дөңбулак шаар чалдыбары

Википедия дан

Дөңбулак шаар чалдыбары– б.з.ч. 2-кылым, б.з. 8-кылымына таандык шаар калдыгы. Өзгөн районунун аймагында, Жазы суусунун сол жээгинде, Өзгөн шаарынан 5 км чыгыш тарапта жайгашкан. Шаарча 900х970 м аянтты ээлейт, сепилинин аянты жогорку бөлүгүндө 90х50 м. Сепилдин үч жагы терең аң, түндүк жагы суунун тик жээги аркылуу өтөт, түштүк жагынан гана кирүүгө болот. Түндүк тарабында булак бар. Казууларда 7 маданий катмар ачылган. Карапа идиштер, сөөктөн, таштан жасалган буюмдар табылган. Карапа идиштери жасалышы боюнча Шоробашат, Мархамат маданияттары, Касан, Кожогарын, Белесмазар сыяктуу орто кылымдардын эрте мезгилиндеги эстеликтер менен окшоштугу бар.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.