Дөөдүр (Дөөдүр алп, Чоң Дөөдүр)

Википедия дан

Дөөдүр (Дөөдүр алп, Чоң Дөөдүр)"Манас" эпосунун каарманы. Кытайдын каны Эсенкандын ишенген белдүү балбаны. Манасты өлтүрүп же тирүү байлап кел деп Эсенкан Д-дү да эки жолу жиберет. Адегенде соодагер болумуш болуп келип, эки жүз балбанын кырдырып, кырк төөдөгү жүгүн тарттырып, өзү качып кутулат ( Саякбай Каралаев, 1. 82—85, 121). Экинчи жолу он миң колду, Оргону баш кылып бир топ балбанын Манаска өлтүртүп, Жолой , Нескара, Каражой, Д. төртөө качып Эсенкандын алдына барышат ( Саякбай Каралаев, 1. 124—126, 127, 136, 154, 156, 162). Кызыл-Суулук (КЭР) манасчы Жусуп Мамайдын вариантында Д. Манас менен болгон согушта өлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4