Дөөкан

Википедия дан

Дөөкан"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Араникти жердеп, бийлик жүргүзгөн кытай каны. Кызыл-Суулук (КЭР) кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын вариантында ("Манастын" биринчи китеби) Манас менен Дөөдүр алптын кагылышында чай жүктөлгөн үч жүз төө Д-дыкы экени эскерилет. Дөөдүр Манасты Д-га байлап алып барарын айтып коркутат. ошондой эле эпостун башка окуяларында жана Кошой дун эскерүүлөрүндө калмак, кытай жөнүндө сөз болгондо, жер-жерди бийлеп турган кандар менен катар "Араникте Дөөкан бар", "Дөөкан келип калбасын" делип айтылып отурат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4