Дөөталы Касымбай уулу

Википедия дан

Дөөталы Касымбай уулу (1899, азыркы Тянь-Шань району, Эчки-Башы айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Тынымсейит уруусунан. Атасы Касымбай чоң манасчы лардан болгон. Д. атасынын "Манас", "Семетей" айткандарын көкүрөгүнө түйүп, жаттап калган. Эл алдына чыгып атайы "Манас" айткан эмес. Андан эпостун "Манас" бөлүгүнөн Манастын бала чагы, Манастын Жолой менен Эсенканга каршы согуштары, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашы, Жети кандын окуясы, Чоң казат, Манастын өлүшү, Каныкейдин Букарга качышы жана "Семетей" бөлүгүнөн Семетейдин Сарытазга жолугушу, Семетейдин Букардан Таласка келиши, Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү (Чынкожо, Толтой чатагы), Семетей баатырдын Манастын кунун куушу (Чалгын, Коңурбайдын Таласка кол салышы), Семетейдин кайып болушу,

Канчоронун кастыгы эпизоддору жазып алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4