Дөө шер чымыны

Википедия дан

Дөө шер чымыны (Satanas gigas), (Eversmann, 1854) - Кеңири ареалда сейрек кездешүүчү түр, жашаган жерлеринин аянттары тарып-кичирейүүгө багыт алган. 1984-жылы II категория менен СССРдин Кызыл китебине киргизилген.

Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөнүн фаунасындагы эң чоң чымын, денесинин узундугу 38–50 мм, алдынкы канатынын узундугу 26 мм. Денеси ичке, боз; көкүрөгү чың, ортонку аркасы өтө дөмпөйгөн чоң. Көздөрү абдан чоң, бири-биринен бөлүнүп алдыга чыгып турат. Тумшугу тикирейип, узунураак өтө склеротивдешкен. Буттары узун кылдуу. Тез кыймылдоочу тунук жуп канаттары учпаганда аркасына бүктөлүп жатат. Жыныстык диморфизм начар өнүккөн.

Жалпы жана өлкөдө тара лышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түндүк Африкада, Иранда, Россиянын Европа бөлүгүнүн түштүгүндө, Украинада, Молдовияда, Закавказңеде, Орто Азия, Казакстанда, Монголия жана Түндүк Кытайда кездешет . Кыргызстанда: Талас, Чаткал, Узунакмат дарыяларынын жээктеринде , Атойнок тоо кыркалары (Күрпсай капчыгайы ), Кыргыз кырка тоолорунун түндүк бети жана Чүй өрөөнү (Петровка айылы ), Чоңарык, Кашкасуу, Ысыккөл өрөөнүнүн Батышы . Ички Тянңшанң (Жамандаван суусунун жээктери, Сарыбулуң айылы), Фергана алдында .

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Деңиз деңгээлинен 1900 м бийиктике чейинки тоо этектериндеги бош жаткан дың жерлер жана суюк бадалдуу адырлар.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эң аз. Бириндеп, анда-санда кездешет.

Жашоо тиричилиги ( жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетилген шер-чымындар жана алардын личинкала ры эркин жа шап жырткычтык менен бөлөк курт- кумурска лар менен азыктанышат. Личинкалары топуракта же чирип бараткан жыгачтарда чоңоөт. Имагосунун учушу июндун аягынан сентябрдын ортосуна чейин байкалат. Коркок, сезгич болуп, карматпайт. Энтомофаг, азыгынын курамында Марокко чегирткеси Dociostau rus maroccanus Thunberg ошондой эле көгөндөр (Tabanidae тукуму) .Өнүгүүсү бир жылга созулат .

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Талаа массивдерин өздөштүрүү жана айдоо, инсектициддерди пайдалануу.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жүргүзүлгөн эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түрдүн 1985-жылы Республиканын Кызыл китебине киргизилгенине карабастан коргоо чаралары иштелип чыккан эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы күндөгү таралышын жана экологиясын изилдөө, алардын жашаган жерлеринде микрорезерваттарды уюштуруу менен ал жерлерди айдоого жана инсектициддерди пайдаланууга тыюу салынышы зарыл.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

III категория (LR-nt). Кеңири ареалда сейрек кездешүүчү түр, жашаган жерлеринин аянттары тарып-кичирейүүгө багыт алган. 1984-жылы II категория менен СССРдин Кызыл китебине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]