Дeдинов Олимпий Аврамович

Википедия дан

Дeдинов Олимпий Аврамович (30. 7. 1896 – 7. 12. 1955) – окулист, медицина илимдеринин доктору (1941), профессор (1949). Кыргыз ССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1954), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1945). Томск университетинин медицина факультетин бүтүргөн (1920), Урал шаарындагы 4-амбулаторияга (1920–25), Алматыдагы (1931) жана Фрунзедеги (1938– 41) көз оорулар клиникасында бөлүм башчы болгон. 1941-жылдан өмүрүнүн акырына чейин КММИнин көз оорулар кафедрасын башкарган. Дединов – 84 илимий эмгектин автору. Негизги эмгектери Кыргызстанда трахоманы жоготуу, көздүн тунук кабыгынын ириңдүү жарасын дарылоо жана андан сактануу чараларына арналган. СССР Жогорку Советинин (3-шайл.) депутаты. Үч Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1