Евгения Долинюк

Википедия дан

Долинюк Евгения Алексеевна (12 (25). 4. 1914-ж. т.) - эки жолу Социалисттик Эмгек Баатыры (1951, 1958).

Тернополь облусунун Борщевск районуундагы КПСС-тин 22-съеэди атындагы колхоздун звеновойу. 1953-жылдан КПСС мүчөсү. Анын звеносу жүгөрүнүн ар гектарынан 1951-ж. 87,3 ц, 1967-ж. 85 ц; кант кызылчасынан 1966-ж. 555 ц, 1967-ж. 655 ц түшүм жыйнаган. КПССтин 21-24-съезддеринин делегаты. КПССтин 22-съездинде БКнын мүчөлүгүнө кандидат болуп шайланган. Долинюк СССР Жогорку Советинин (6-шайл.), УССР Жог. Советинин (4-5- жана 7-шайл.) депутаты. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.