Евклид геометриясы

Википедия дан

Евклид геометриясыЕвклид системага салган геометрия. Ал аксиомалар системасынын жардамы менен сүрөттөлүүчү мейкиндик геометриясы. Евклид геометриясын сүрөттөгөн аксиомалар системасы Евклиддин «Башталыш» деген философиялык эмгегинде берилген. Евклид геометриясы үч түрдүү объектилердин көптүгү катары сүрөттөлөт. Алар: «чекиттер», «түз сызыктар», «тегиздиктер». Бул объектилердин арасында тиешелүүлүк, иреттүүлүк, конкуренттүүлүк жана үзгүлтүксүздүк катыштары бар. Евклид геометриясынын акыркы эң так аксиоматикасын Д. Гильберт сунуштаган. Евклид геометриясы айлана-чөйрөдөгү көзгө көрүнгөн элестерден (түз сызыктар, керилген жип, жарык нуру жана башка) улам келип чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1