Европа уюму

Википедия дан

Европа уюму - Бул уюмду түзүү аракети көпкө созулган болчу. Кийинчерээк бул тууралуу түрдүү идеялар пайда болгон.

Бирок II Дүйнөлүк согуштан кийин гана бул согуштун Европа континентине тийгизген терс таасирлери жана зыяндары иликтенип отуруп, бийлик башындагылар бул аймактын бейпилдигин кепилдикке алган кандайдыр бир уюмдун түзүлүшү керек экендигин анык сезишкен. 1946-жылы Черчилль Зуринде «Бириккен Европа Уюмунун» курулушу жөнүндө иштелип чыккан планды сунуштаган. Бул мезгилдерде бир топ уюм жана мекемелер курулган болчу (Европа Федералисттердин Уюму, Бириккен Европа Кыймылы, Европа Экономикалык Кызматташуу Лигасы сыяктуу).

1948-жылы Гаагада алгачкы Европа Конгресси чогулуп, бул конгресске ар түрдүү өлкөлөрдөн 713 делегация катышкан. Негизинен Европа уюмунун түзүлүшүндө башкы роль II Дүйнөлүк согуштан кийин маанилүү боло баштаган көмүр жана болот кендерин колго алып иштетүүнү, айрыкча эл аралык аренада керектүү кен байлык катары бааланган бул секторду тынчтык ичинде башкарууну пландап, 1951-жылда түзүлгөн Европа Көмүр жана Болот Иштетүү Коомуна таандык болчу. Европа Көмүр жана Болот Иштетүү Коому 1951-жылы 18- апрелде Белгия, Германия, Франция, Голландия, Люксембург жана Италиянын ортосунда кол коюлган Париж тынчтык келишиминин негизинде түзүлгөн болчу. Кайра эле ушул өлкөлөрдүн арасында 1957-жылы 25-мартта кол коюлган Рим тынчтык келишиминин негизинде дагы бир Европа Атом Энергиясы боюнча Коом түзүлгөн. Ушул эле конвенция боюнча ушул эле убакта Европа Экономика Коому (ЕЭК) уюштурулду.

1958-жылы күчүнө кирген Рим конвенциясы алгач бажы биримдиги тууралуу, мындайча айтканда, товарлардын эч кандай бажы акысы төлөнбөстөн мүчө мамлекеттердин ортосунда эркин алынып-сатылышы тууралуу чечим чыгарган. Бул максаттын ишке ашуусунда маанилүү роль ойногон адамдар Франция Пландоо Уюумунун башчысы Жеан Моннет жана Франция Тышкы Иштер Министри Роберт Шуман болгон. Жеан Моннет менен анын тобунун кылдаттык менен иштеп чыккан долбоору жана Роберт Шуман тарабынан 1950-жылы 9-майда жарыяланган текст кийинчерээк «Шумандын рапорту» деген ат менен белгилүү болгон. Ал эми 9-май Европа күнү деп аталган. Бирок Римдин тынчтык келишиминде негизги максат бир эле экономикалык тармакка басым жасоо эмес, ошол эле учурда айыл чарба, транспорт, атаандаштыкты токтотуу жаатында да иш алып баруу жана өлкөлөрдүн ортосундагы саясий экономиканы жакындатуу, экономикалык жана валюта биримдигин түзүү, орток сырткы саясатты түзүү, коопсуздук кызматтарын бириктирүү болчу. Белгиленген максаттарга жетүү үчүн кийинчерээк түзүлө турган конвенциялар да маанилүү роль ойногон. Бул конвенциялар Маастрихт тынчтык келишими (1992) (Европа уюмунун түзүлүшүндө негиз болгон конвенция катары белгилүү), Амстердам конвенциясы (1999) жана Найс конвенциясы (2003). Бул конвенциялардан кийин Европа уюму бир валютаны колдонууга өткөн (евро) (бирок кээ бир мүчө мамлекеттер буга кошулган эмес) жана орток тышкы иштер жана коопсуздук саясатыны түзгөн.

Мындан башка соттук система жана ишки иштеринде күнөө жасалган учурларда ички иштер жана укук биримдигин камсыз кылууга чечим чыгарган. 1951-1957 жылдары уюмду курган негизги мүчө өлкөлөр төмөнкүлөр болчу: Белгия, Франция, Германия, Италия, Люксембург, Голландия. Булардан кийин төмөнкү өлкөлөр Европа уюмуна мүчө болушкан: 1973-жылы Дания, Ирландия жана Англия; 1981-жылы Греция; 1986-жылы Португалия жана Испания; 1990-жылы Чыгыш менен Батыш Германиянын биригүүсү менен мүчө мамлекеттердин саны көбөйгөн эмес. Ошентсе да Европа уюмунун аймагы кеңейип, калкынын саны да көбөйгөн; 1995-жылы Австрия, Финляндия жана Швеция; 2004- жылы Түштүк Кипр Рим бөлүгү, Чехия, Эстония, Венгрия, Латвия, Литва, Мальта, Польша, Словакия, Словения; 2007-жылы Болгария, Румыния. 1979-жылы Дания тарабынан өзүн-өзү башкарууга уруксат алган Гренландия 1985-жылы уюмга мүчө мамлекеттердин добушу боюнча уюмдан чыгарылган. Норвегияга карата 1972-1994 жылдары уюмга мүчө мамлекеттердин добушу боюнча уюмга кабыл албоо чечими чыгарылган.

Марокконун уюмга мүчө болуу үчүн жасаган аракети географиялык узактыктан жана башка түрдүү себептерден улам кабыл алынган эмес. Македония 2004-жылы, Хорватия 2005- жылы мүчө болуу үчүн уюмга кайрылган. 2006-жылы Карадаг мүчө болуу үчүн кайрылды. Андорра, Лихтенштейн, Сан Марино жана Түркия Европа уюмунун бажы бирдигине кирген. Европа уюмуна туруктуу 27 мамлекет мүчө болгон. Алар: Германия, Австрия, Бельгия, Англия, Болгария, Чехия, Дания, Эстония, Финляндия, Франция, Голландия, Ирландия, Испания, Швеция, Италия, Түштүк Кипр, Рим бөлүгү, Литва, Латвия, Люксембург, Венгрия, Мальта, Польша, Португалия, Румыния, Словакия, Словения жана Греция. Хорватия, Македония жана Түркия мамлекеттери уюм менен азыркы убакта сүйлөшүүлөр жүргүзүүдө. Ал эми Албания, Босния-Герцоговина, Карадаг жана Сербия өлкөлөрү уюмга мүчө болуу үчүн кайрылышууда. Европа Уюму Европа Интеграциясы (Биригүүсү) деген ат менен да белгилүү. Бул экөө да бир эле максатты көздөп кызмат кылышат. Ал максат: Европанын бир бүтүн мамлекет сыяктуу биригүүсү, чек аралардын алынышы, экономикалык жана социалдык жактан өлкөлөрдүн биригиши. Өлкөлөрдүн ар түрдүүлүгү, менталитеттин окшош эместиги жана ар бир өлкөнүн өз кызыкчылыгын көздөөсү биригүүгө тоскоол болууда. Бирок кээ бир тармактарда кадам сайын кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү изилденип, ал тургай өлкөлөрдүн кызматташуусуна да бул изилдөөлөр акырындап түрткү болууда. Учурда Европа уюмун башкаруу ар кимдин колунда болгондуктан, биримдиктин түзүлүшү бир аз кыйындоодо. Мындан башка уюм келечекте бир топ тоскоолдуктарды жеңүүсү керек. Европа уюмуна жардамчы уюмдардын ичинен негизгилери Европа Кеңеши менен Европа Коому болуп саналат. Европа Кеңеши саясий тармакта иш алып барат жана бул бирдикке 21 Европа өлкөсү мүчө болуп эсептелет. Ал эми Европа Коому болсо экономикалык тармакта күчтүү болуп, 9 Европа өлкөсү бул коомго мүчө.

Бир убактарда аскердик тармакта да кандайдыр бир уюм түзүү идеясы жаралса да Франция парламенти бул идеяны колдобой койгон. Учурда НАТОнун курамындагы бир топ Европа өлкөлөрү өз ара аскердик кызматашуу жүргүзүшүүдө. Өзгөчө булар акыркы жылдарда EUROGROUP деген ат менен уюм түзүшкөн жана азыр да бул уюм аскердик тармакта иш жүргүзүүдө. Айрыкча АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык жааттагы кызматташууну ишке ашырган Европа Экономикалык Кызматташуу Уюму (ОСЕД) учурда Европа Кызматташуу жана Өнүктүрүү Уюму (ОЕСД) деген ат менен белгилүү. Түркия менен Европа уюмунун арасындагы байланыш 1959- жылы 31-июлда Түркиянын Европа Экономикалык Уюмуна кирүүсү менен башталган болчу. АЕТ Министрлер Кеңеши кайрылууну кабыл алгандан кийин 1963-жылы 12-сентябрда Анкара келишими түзүлгөн болчу.

Анкара келишими кызматташтыкты жараткан келишим болгон. Бул келишимден кийин 1970-жылы Карма Протоколго кол коюлган. Түркиянын башка мүчө мамлекеттерге караганда эрте байланыш түзүүсүнүн далили болгон бул эки документ 2004-жылы 17-декабрда Европа Кеңешинин Жыйынтык Рапортунан кийин да улантылып жаткан Европа уюму менен Түркиянын ортосундагы байланышты тастыктаган маанилүү укуктук булак болуп саналат. Түркия жогорудагы бардык уюмдардын иштерин жакындан көзөмөлдөөдө жана эгер Европа уюму кабыл алса, бул уюмга мүчө болууга даярданууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9