Евтушенко Евгений Александрович

Википедия дан

Евтушенко Евгений Александрович [18. 7. 1933-ж. туулган, Россия, Иркутск облусу, Зима станциясы (азыр шаар)] – орус акыны, жазуучусу. 1951–54-ж. Москвадагы Адабият институтунда окуган. Чыгармалары 1949-жылдан жарыялана баштаган. «Болочок чалгынчылар» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы 1952-ж. жарык көргөн. «Үчүнчү кар» (1955), «Убада» (1957), «Ар жылдагы ырлар» (1959), «Энтузиасттар шоссеси» (1956), «Махабат лирикасы» (1973), «Менин энем жана нейтрон бомбасы» (1982; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1984), «Граждандар мени уккула...» (1989), «XXI кылымдын ырлары» (2006) жана башка 40тан ашуун ыр жыйнагы бар. Анын лирикаларында адамгерчилик жана эл аралык, саясий маселелер козголот. «Ардабиола» (1981) фантастикалык повести, «Жемиш жери» (1981), «Менден мурда өлбө» (1994) жана башка романдары, мемуарлары, аңгемелери жана башка бар. Анын сценарийи боюнча «Бала бакча» (1984), «Сталинди акыркы сапарга узатуу» (1990) аттуу фильмдер тартылган. Чыгармалары чет тилдерге, бир катар ырлары, поэмалары Ж. Султаналиев, Р. Рыскулов, Б. Карагулов, Т. Арыков тарабынан кыргыз тилине которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1