Египет кризистери

Википедия дан

Египет кризистери (1831-33; 1839-41) - өз алдынча сурак жүргүзүү, өз терр-ясын Осмон империясынын эсебинен кеңейтүү максатында Египет пашасы Мухаммед Алинин түрк султанына карты күрөшүнөн улам дайда болгон.

Биринчи Египет кризиси 1831-ж. күзүндө султан Махмуд II ге карты Мухаммед Али баштаган согуштун натыйжасында чыккан. Ибрахим-паша комаидалык кылган египет аскери Палестина, Сирия, Киликияны басып алып, Коньядагы түрк армиясын талкалап (И. 12. 1832), анан Стамбулга бет алган. Махмуд II Батыш европ. державалардан жардам ала албай, Россияга кайрылган.

Орус аскерлери 1833-ж. жазында егилеттиктердин жапырыгын токтоткон. Бирок Улуу Британия менен Франция Осмон империясында Россиянын позициясы күчөп кетет деп чочулап, түрк султанын Мухаммед Али менен келишим (Кюта- хий келишими) түзүүгө макулдатышкан. Кютахий келишимине эки тарап тең ыраазы болгон эмес, ошол себептеи түрк аскерлери Египетти басып кирген. Бул Экинчи Египет кризисин чыгарган. Түрктөр алгачкы салгылашта эле талкаланган.

Европ. державалар султанды колдогон. 1840-ж. Улуу Британия, Австрия жана Турция аскерлери Египет аскерлерип катуу кыйратып, Сириядан суруд чыккан. Султандып 1841-ж. 13- февралдагы жана 1-июндагы Указы боюнча Мухаммед Али Египет менен Чыгыш Суданды гана башкарууга акылуу болуп, бардык башка ээлигинен ажыраган; Египет армиясы 18 миң адамга азайган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.