Египет эскпедициясы

Википедия дан

Египет эскпедициясы (1798- 1801)-генерал Наполеон Бонапарт баштаган франц. аскерлердин Египетке жортуулу.

Египет эскпедициясын уюштуруудагы Директория өкмөтүнүн максаты - Египетти каратып, Англиянын Индиядагы ээлеген жерине сокку уруу үчүн база түзүү. Десант аскери бар франц. эскадра 1798-ж. 19-майда Тулондон чыгып, 30-июнда Александрияга келген. 21-июлда Бонапарт мамлюктардын аскерлерин талкалап, Каирди басып алат. Августтун башында англ, адмирал Г. Нельсон Абукирде франц. флотту талкалайт, 1798-ж. сентябрда түрк султаны Селим III Францияга согуш жарыялайт.

Турция 1799-ж, январда Россия жана Улуу Британия менен келишимге кол коюп, 2-антифранц. коалицияга кирет.

Франц, бийлик Египетте катаал сурак жүргүзүп, калкты катуу эзгендиктен, басып алуучуларга каршы Каирде 1798-ж. көтөрүлүш чыгат.

Египеттеги абалынын бекем эместигинен жана Францияда ички саясий кырдаалдын начарланышынан улам Бонапарт армиясын таштап, 1799-ж. Францияга кетүүгө аргасыз болот. Анын ордуна келген генерал Ж. Б. Клебер согуш аракетин улантып, 1800-ж. мартта Турциянын армиясын талкалап, аны Египеттен кууп чыгат.

Египеттеги франц. армиянын абалы Жер Ортолук деңиздеги орус эскадрасынын 1798-1800-жылдагы аракети менен начарлайт. 1801-ж. жазында англ, аскерлер келип, француздарды багынууга аргасыз кылат. Франц, армиянын калганы 1801-ж. сентябрда Египеттен биротоло чыгып кетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.