Елена Воробей

Википедия дан

Воробей Елена- орустун белгилүү пародисти, юморист. БАЛАЛЫК ЖАНА БИРИНЧИ ПАРОДИЯ Елена Воробей 1968-жылы Белорусия мамлекетиндеги Брест чебинен анча алыс эмес жерде жайгашкан Брест баатыр шаарында туулуп-өскөн. Ата энесинин колунда жок болгондуктан, балалыгында жетишпестиктин даамын татып чоңоёт. Өспүрүм чагында оюнга тойбогон шок кыз болгонуна карабастан, кичинекей Лена мектепте эң жакшы окуган. Ошол учурда эле анда башка адамдарды тууроо шыгы бар экендиги байкалат. Пародиядагы биринчи каармандары окутуучу мугалимдери болуп, танапис учурунда алардын кыймыл-аракеттерин, баскандарын, сүйлөгөн сөздөрүн, үндөрүн келиштирип, атүгүл курбу-досторунун күндөлүк дептерлерине мугалимдин колу менен баа да коюп берчү. Елена кичинекей чагынан эле актриса болууну самаган. Бирок, ата-энеси улуу кызынын музыка мугалими болуусун каалап, 9-классты бүткөн соң Ленинград шаарындагы музыкалык орто окуу жайына тапшыртышкан.

БИЛИМ АЛУУ ЖОЛУНДАГЫ КҮРӨШ Ар тараптуу таланттардын ээси, белгилүү пародист Еленага ата-энеси тандаган мугалимдик кесип жакпагандыктан, ал Ленинград театралдык институтун көздөй бет алат. Тилекке каршы, эки жыл катары менен сынактан өтпөй, студент болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Мунун дагы бир себеби, орто билими туралуу күбөлүгү жок эле. Кийинки жылы кайрадан керектүү документтерин топтоп, үмүттүн шооласынан кол үзбөй, сынакка дагы бир катышып көрүүнү чечет. Мүмкүн башка бирөө болгондо үчүнчү жолу тапшырууга аракет да кылмак эмес, а Ленанын окууга болгон каалоосу баарынан күчтүү эле. Ошол учурда анын жашы он сегизден ашып калгандыктан, амалкөй кыз туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жасалма маалыматтарга өзгөртүүдөн да кайра тартпайт. Жыйынтыгында, 1988-жылы кабыл алуу комиссиясына талантын далилдеп, Исаак Штокбонттун чеберчилик курсуна өтөт. Бирок, бир жылдан кийин өзүнүн устаты Исаак Романовичке сырын ачып, документтеринин кээ бирлери жасалма экендигин мойнуна алган. Бул иш эч кандай чыр-чатаксыз аяктап, 1991-жылы Елена Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунан эстрада, театр жана киноактёр кесибинин ээси болуп чыккан.

АТАК-ДАҢККА КАРАЙ ЖОЛ-1991-жылы А.Миронов атындагы актёрдук ырлар конкурсунда Елена күлкүлүү клоундун келбетин жамынып, биринчи ирет чоң сахнага чыгат. Кийин 1993-жылы “Ялта-Москва-Транзит” жаш аткаруучулар арасындагы конкурста алгачкы жолу өзүнүн ырчылык жана аткаруучулук жөндөмдүүлүгүн бүткүл Россия алдында тартуулап, андагы баш байгелердин ээси болуп кайткан. Тилекке каршы, кийинки убактарда чоң сахнадан көп көрүнбөй калгандыктан, тез эле унутта калуу коркунучуна кабылат. Жаңы ыр жаздырып, клип тарттыруу үчүн көп суммадагы акча керек эле. 1998-жылы Россия эстрадасынын примадоннасы А.Пугачёвадан “Рождестводогу жолугушуу” тасмасына тартылуу үчүн чакыруу билетин колго алат. Тасмага тартылуу Лена үчүн олжолуу болуп, көптөн күткөн тилеги орундала баштайт. Анын дарегине пародия аткаруу сунуштары түшүп, Алсуну туураган номери элге кеңири тарайт. Бул жолугушууларга катышуусу жана 2002-жылы “Юмор кубогун” жеңип алуусу Ленанын чыгармачылыгында атагын алыска тааныткан популярдуулуктун башаты болуп калды. Ошол кезде Владимир Винокур өзүнүн театрына бардык жактан төп келишкен, эң башкысы, күлкүлүү көрүнүүдөн коркпогон таланттуу кызды издеп жүргөн эле жана бул орунга Ленаны тандап алат. Бирок, бул театрда Лена бир да күн иштеген эмес, себеби, биринчи эле “Левчик жана Вовчик” концерттик программасында чеберчилик менен аткарган пародиясын көрүп, “АРТЕС” маданият фондунун президенти А.Достман Ленанын талантына баа берип, жеке карьерасын көтөрүү үчүн келишимдин негизинде иш алып барууну сунуштайт. Мына дал ушул күндөн тартып чоң сахнадагы белгилүү жылдыздардын пародиялары, аншлагдагы тасмаларга тартылуу, репертуарындагы жаңы ырлар, киного тартылуулар... Андан көп узабай дүйнө жүзүнө гастролдук сапары башталат. Башка адамдардын кыймыл-аракетин эмес, үнүн келиштирүү эң эле татаал экендиги талашсыз. Ага карабастан, шыңгыр үн­дүү Валентина Толкунова, күчтүү вокалдык стилде ичке үнү менен ырдаган Лариса Долинадан тартып эркек кишилердин үнүн да келиштире окшоштурган Воробей ошол эле учурда күлкү жанрын да унутта калтырбай белгилүү жылдыздардын үнү менен өзүнүн сөзүнө жазылган сатираларды аткарып, популярдуулуктун тепкичинен бийикти көз­дөй бет алат.

ЕЛЕНАНЫН ВОРОБЕЙГЕ АЙЛАНЫШЫ Елена Воробей сахна жыл­дызы, пародист, актриса, ырчы жа­на куудул экен­диги баарыбызга эле маалым. Бирок, анын өз аты тууралуу билбегендер да жок эмес. Ленанын улуту еврей, ал эми өзүнүн фамилиясы Лебенбаум, бизче которгондо (leben – жашоо, baum – дарак) “жашоо дарагы” дегенди түшүндүрөт. “Эмне үчүн Воробей деген атты тандап алдыңыз?” деген журналисттердин суроосуна: “Кичинекейимде эле мени мектепте таранчы деп коюшчу, мүм­­­­күн окшош болсом керек. Кийин талантымды сыйлаган, чыгармачылыгыма колдоо көр­сөткөн адамдар “сахнага башка ат менен чыгууң керек” деген кеңешти беришкен. Өзүмдүн фамилиям узун, жаттоого кыйын болгондуктан, эске жакшы сакталчу, кесибиме жараша күлкүлүү ат тандап алууну туура чечтим. Бала чагымдан эле белгилүү француз ырчы айымы Эдит Пиафтын талантын сыйлап, ырларын ырдачумун. Ал эми Пиаф деген француз тилинен которгондо “таранчы” дегенди түшүндүрөт эмеспи. Бул өзүмө псевдоним тандап алуумдун дагы бир себеби болду. Воробей деген атка мен арданбайм, тескерисинче, сыймыктанам”,- деп жооп берген.

ЖЕКЕ ЖАШООСУНАН Ленинграддагы искусство институтунда окуп жүрүп, 18 жашында болочок күйөөсү Андрей менен таанышкан. Ошол күндөн тартып эле жылдыздары келишип, жакын мамиледе боло башташат. Көп узабай баш кошуп, бирге түтүн булатууга бел байлашкан. Тилекке каршы, түгөйлөр он жыл убакыт чогуу жашашса да балалуу болушкан эмес. Врачтардын Ленага койгон диагноздору дагы сүйүнтөөрлүк эмес эле. Бул ортодо от чагылуулардын биринчи себеби болсо, экинчиси, Ленанын чыгармачылыкты улантып, биротоло Москвага кетүү сунушун Андрейдин таптакыр четке каккандыгы болгон. Экөөнүн ортосундагы түшүн­бөс­түктөрдүн жыйынтыгы ажырашууга алып келген. Атак-даңкка жетип, жылдыздар арасынан өз ордун тапкандан кийин Лена жеке жашоосунда Игорь аттуу мырзага жолугат. Жалгыздыктын дарысын тапканына сүйүнүп, андан Соня деген кыз да төрөп алган. Бирок, экөө­нүн мамилелери баш кошууга чейин жеткен эмес, себеби, Игордун башка үйбү­лөсү бар болчу. Учурда кызы Соняга колунан келишинче жакшы тарбия берүүгө аракеттенип келет. Бир ай ичинде 22 жеке концерт берүүнүн өзү үйдө эс алууга таптакыр убакыттын жок экендигинен кабар берет эмеспи. Андыктан, кээде “кызым мени тааныбай калабы” деген коркунуч да жүрөгүнүн түбүндө жүрөөрүн жашырбайт. Бош убакыт табыла калса, Соняны ээрчитип алып зоопаркта, жаныбарлар сатылуучу дүкөндө, эс алуучу паркта сейилдөөнү жактырат. Келечекте турмушка чыгып, жакшы жар, көп балдардын мээримдүү энеси болуу – эңсеген тилеги. Жакын курбуларынын курчоосунда балык уулоо, аларга өзгөчө тамактарды даярдап берүү, андан тышкары, клоундар менен таранчылардын сөлөкөттөрүн чогултуу – Елена Воробейдин жеке жашоосундагы хоббиси.