Мазмунга өтүү

Елена Куличенко

Википедия дан
Елена Куличенко
Толук аты-жөнү

Елена Алексеевна Куличенко

Туулган датасы

28 -июль 2002(2002-07-28) (22 жаш)

Туулган жери


Одинцово, Москва облусу, Орусия

Жарандыгы

 Орусия
 Кипр[1]

IAAF

14807288

Жеке рекордтору

Елена КуличенкоКипрлик жеңил атлетика боюнча бийиктикке секирүүчү спортчу, жаштар арасындагы Европа чемпиондугунун жеңүүчүсү, Кипрдин чемпиону жана рекордчусу.

2021-жылдын 31-майына чейин Орусиянын атынан катышкан. Учурда Кипрдин атынан чыгат[2].

Елена Одинцоводо, Алексей менен Мария Куличенконун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Наталья Загорульконун жетекчилиги астында «Выбор-Одинцово» спорт мектебинде машыккан[3]. Мектепти аяктагандан кийин Орусиядагы университеттердин бирине тапшырган, бирок кийинчерээк Елена Атлантадагы Жоржия университетинен чакыруу жана стипендия алат.«Социология бөлүмүнө» Социалдык мамилелер программасына жазылып[4], жергиликтүү жеңил атлетика боюнча Жоржия Бульдогс командасына кошулган. Көчкөндө мурунку машыктыруучусу Дарья Клишин менен жана машыктыруучусу Лорен Сигрейв менен кеңешет.

Елена Куличенко Орусиянын Жеңил атлетика федерациясына киргизилген чектөөлөрдөн улам спорттук жарандыгын өзгөрткөн, себеби ага эл аралык мелдештерге катышууга кыйындык жаралган[5][6]. Спорттук жарандыгын өзгөрткөндөн кийин, Елена эки жыл Кипр үчүн мелдешке чыга алган эмес. "Al Jazeera" берген маалыматы боюнча, анын Кипр федерациясына өтүүсүнө Еленанын ата-энесинин, 2018-жылы “алтын паспорт” программасы боюнча Кипрдин жарандыгын алганы түрткү болгон[7] .

Елена Куличенко Париждеги Олимпиадада Кипр курамасынын туучусу болуп тандалган [8], бирок Оюндардын алдында "OnlyFans" тиркемесинде Еленага таандык делген аккаунт табылган. Кипрдин Улуттук Олимпиада комитети спортчунун Кипр курама командасынын туусун көтөрүү келечегинен күмөн жараткан бул маселеге нааразычылыгын билдирген. Елена өзү профилдеги сүрөттөр ал эмес экенин жана андагы сүрөттөр AI (жасалма интеллект) тарабынан жасалганын айткан[9].

Спорттук карьерасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Москва облусунун чемпиондугунда жеңүүчү (184 см). Бул жыйынтык Москва облусунда жаштар рекорду болуп, Елена "Спорт чебери" наамын алган[10] .

2017-жылы Дьерде өткөн Европа жаштар фестивалында экинчи орунду ээлеген [11][12].

2019-жылы Краснодарда өткөн Бүткүл Орусиялык жаштар арасындагы мелдеште байге ээси болгон[13].

2021-жылы Орусиянын өспүрүмдөр чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болгон.

Чэндудагы жайкы универсиадада экинчи орунду камсыздаган.

2022-жылы Америка Колледжинин Атлетикалык Лигасынын кышкы атлетика сезонунун эң мыкты жаңы оюнчусу катары таанылган[14].

2023-жылдын июнь айында Техас штатындагы Остин шаарында өткөн NCAA Division I мелдешинде коло байгеге ээ болгон.

2023-жылы июлда 190 см жыйынтык менен Кипрдин чемпиону болгон.

2023-жылы ал Финляндиянын Эспоо шаарында өткөн жаштар арасындагы Европа чемпиондугун жеңип, бул деңгээлдеги мелдештерде Кипр үчүн биринчи алтынды утуп алган [15] .

2023-жылы жеңил атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалынын катышуучусу. Квалификацияда ал 192 см ачык стадиондо өзүнүн жеке рекордун койгон.

2024-жылы 9-майда Флоридада өткөн мелдеште Елена Кипр үчүн жаңы улуттук рекорд койгон – 195 см [16] . Июнь айында Орегондо өткөн мелдеште ал 197 см бийиктикти басып өтүп, бул анын жетишкендигин жакшырткан [17] .

  1. Elena KULICHENKO, Word Athletics (2022). Текшерилген күнү 23 -июль (теке) 2024.
  2. Elena KULICHENKO Profile.
  3. Елена Куличенко из Одинцово заняла второе место на юношеском Олимпийском Европейском фестивале.
  4. Кто такая Елена Куличенко и почему прыгунья в высоту отказывается выступать за сборную России.
  5. Елена Куличенко завоевала для Кипра золото на молодежном чемпионате Европы по легкой атлетике.
  6. 18-летняя российская прыгунья в высоту будет выступать за Кипр.
  7. Cypriot flag bearer faces controversy ahead of Paris Olympics.
  8. BDigital WebSolutions Cypriot flag bearer faces controversy ahead of Paris Olympics.
  9. У знаменосца сборной Кипра Елены Куличенко обнаружили аккаунт на сайте для взрослых.
  10. Елена Куличенко из Одинцово заняла второе место на юношеском Олимпийском Европейском фестивале (орусча) (20170801T135959+00).
  11. Елена Куличенко из Одинцово заняла второе место на юношеском Олимпийском Европейском фестивале (орусча) (20170801T135959+00).
  12. Кто такая Елена Куличенко и почему прыгунья в высоту отказывается выступать за сборную России (RU) (22 -март (жалган куран) 2021).
  13. Школьница из Одинцово ведет в заочном споре у Марии Ласицкене.
  14. 8 true freshmen in NCAA women's track and field who can burst on the scene in 2022 (англ.).
  15. Батраз Томаев. Не наше золото. Как российская легкоатлетка стала чемпионкой Европы под флагом Кипра (RU) (20 -июль (теке) 2023).
  16. Southeastern Conference Outdoor Track & Field Championships | Results | World Athletics.
  17. Pryce, Long and Jones impress in sprints at NCAA Championships | REPORT | World Athletics.