Елизавета Убрятова

Википедия дан

Убрятова Елизавета Ивановна (27.10.1907, Омск шаары — 04.03.1990,. Новосибирск шаары), филология илимдеринин доктору, профессор, советтик түрколог, якут (саха) ж.б. түрк тилдеринин грамматикасы жана диалектологиясы (синтаксис, фонетика, графика, морфология, якут тилин окутуунун тарыхы) боюнча ири адис. 1929-ж. Иркутск мамлекеттик университетин аяктагандан соң Иркутск жана Красноярск крайларынын мектептеринде сабак берип иштеген. 1932-ж. долган тилин үйрөнүүгө киришет. 1934-1937 жж. аспирантурада өз окуусун улантат. «Языки норильских долган» аттуу изилдөөсү үчүн Е.И.Убрятовага филология илимдеринин кандидаты деген илимий даража ыйгарылган. Илимдин доктору окумуштуулук даражасын «Исследование но синтаксису якутского языка. ч. 1. Простое предложение» (1950) деген темада коргогон. СССР ИАсынын Тил илими институтунда улук илимий кызматкер, 1938-1963-ж. Түрк тилдери секторун башкарган. Андан кийин СССР ИАсынын Сибирь бөлүмүндөгү Тарых институтунда түркология бөлүмүн жетектеген. Е.И. Убрятова Сибирдин түрк тилдүү элдеринин тилин изилдөө боюнча көп сандаган адистерди даярдаган. Көп жылдар бою Хакасиянын, Тыванын илимий мекемелеринин ардактуу мүчөсү болгон. Е.И.Убрятованын эмгектери кыска жана өтө маанилүүлүлүгү менен айрымаланат. Илимпоздун эмгектери түркология, түрук тилдеринин тарыхый лексикасын изилдөө үчүн азыр да өз маанисин жогото элек.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алекперов А. К. Елизавета Ивановна Убрятова (К семидесятипятилетию со дня рождения) // Советская тюркология. - Баку, 1982;
  • Коркина Е. И., Петров Н. Е., Слепцов П. А. Елизавета Ивановна Убрятова (К 80-летию со дня рождения // Советская тюркология. - Баку, 1987;
  • Юдакин А. Урало-алтайское (тюрко-монгольское языкознание: Энциклопедия. М., 2001, С. 495-498.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015