Жабык уруктуулар

Wikipedia дан
Магнолия (Magnolia virginiana).

Жабык уруктуулар - гүлдүү өсүмдүктөр (лат. Magnolophyta же Angiospermae) – татаал түзүлүштүү, уруктуу өсүмдүктөр тобу. Уругу мөмөсүнүн ичинде калыптанат (аты ошондон). Алардын гүлү татаал, энелиги, аталыгы, нектары бар; чымын-чиркей аркылуу чаңдашат; уругун шамал, суу, жаныбарлар таратат. Түйүлдүк баштыкчасы, андагы синергиддер, экинчи ядро жана антиподдор жабык уруктууларга гана мүнөздүү органдар болуп эсептелет. Алардын уругундагы азыктандыруу тканы жылаңач уруктуулардыкындай уруктана электе эмес, уруктангандан кийин пайда болот. Алардын энелик гаметофазасына бир же бир нече энелик спорадан түзүлгөн түйүлдүк баштыкчасы, кош уруктануу мүнөздүү; уруктанганда 2 зигота пайда болот: бирөөнөн түйүлдүк, экинчисинен аны азыктандыруучу ткань (эндосперма) калыптанат. Бор мезгилинин башында пайда болуп, Жер жүзүнө кеңири таралган. Миоценден ушул убакка чейинки өсүмдүк дүйнөсүндө жабык уруктуулар басымдуу. Алар бир үлүштүү жана эки үлүштүү өсүмдүктөр классына бөлүнөт. Анын 450дөн ашык тукуму, 12,5 миң уруусунун 250 миңге жакын түрү бар. Алар ар кандай континенттик шартка ыңгайланган. Көбүнчө кургак жерлерде таралган. Эл чарбасында мааниси чоң. Буларга дан эгиндери, тех. жана эгилме өсүмдүктөр кирет. Алардын 400гө жакын түрү хлорофиллсиз, калгандарында фотосинтез жүрөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1