Жабык уруктуу өсүмдүктөр

Википедия дан

Жабык уруктуу өсүмдүктөр - (Angiospermae) -уруктуу өсүмдүктөрдүн бир бөлүмү.

Уругу мөмөсүнүн ичинде калыптанат, ошон үчүн Жабык уруктуу өсүмдүктөр кээде гүлдүү өсүмдүктөр деп аталат. Жабык уруктуу өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүктөрү: гүлү татаал, энелиги, аталыгы, нектары болот, чымын-чиркейлер аркылуу чаңдашат, уруту шамал, суу, жаныбарлар менен таралат.

Түйүлдүк баштыкча, андагы синергиддер, экинчи ядро жана антиподдор - Жабык уруктуу өсүмдүктөргө гана мүнөздүү органдар.

Жабык уруктуу өсүмдүктөрдүн уругундагы азыктандыруу тканы жылаңач уруктуулардыкындай уруктана электе эмес, уруктануунун натыйжасында пайда болот. Алардын энелик гаметофазасына түйүлдүк баштыкчасы мүнөздүү, ал бир же бир нече энелик спорадан түзүлөт, анда кош уруктануу процесси жүрөт. Натыйжада 2 зигота келип чыгат: бирөөнөн - түйүлдүк, экинчисинен аны азыктандыруу тканы (эндосперма) калыптанат.

Жабык уруктуу өсүмдүктөр өсүмдүктөр дүйнөсүндө - биринчи, органикалык. дүйнөдө 2- орунда. Анын 250 миңге жакын түрү бар. Булар ар кандай континенттик шартка ыңгайлануу жана жашоо үчүн күрөштө туруштук берүү жагынан, о. элө түзүлүшүнүн татаалдыгы жагынан Корунда турат.

Палеонтологиялык маалыматтар боюнча, Жабык уруктуу өсүмдүктөр бор мезгилинин башында пайда болуп, анын аягында өөрчүп, жер жүзүнө кеңири тарап кеткен. Миоценден упгул убакка чейин өсүмдүктөр дүйнөсүндө Жабык уруктуу өсүмдүктөр басымдуулук кылат, алар бир жана эки улуштуулөр классына бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.