Жадгал

Википедия дан

Жадгал – Жидгил, тарыхый топоним, орто кылымдарда азыркы Чаткал өрөөнүндө жайгашкан өзөн, шаар, аймактык комплекстин (округ, облус) аталышы. Жадгал жөнүндөгү негизги маалыматтар араб, фарси тилдериндеги географиялык адабияттарда кезигет. Ал-Истахри (920-ж.) Жадгалды өзөн жана Ферганага караган облус деп белгилейт. Ибн-Хаукал (10-к.) боюнча Жадгал – облус, анын борбору – Ардланкет. «Худуд ал-Алам» – «Ааламдын чыгыштан батышка чейинки чек аралары тууралуу китеп» (982–983-ж. жазылган автору белгисиз ) аттуу китепте Жадгал – Фергананын тоо арасындагы бир району, анын чакан шаарлары, көп кыштактары, кендери бар экени, анда жылкы менен кой асыралары айтылат. Кийин, 16-кылымда молдо Сайф-аддин Аксыкенти тажик тилинде жазган «Мажму-ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») эмгегинде Жадгалда 3 шаар болгону баса белгиленет. Археологиялык изилдөөлөрдөн кийин Күлбөскан (байыркы Ардланкет), Үч-Булак, Чанчаркандагы эски коргондор 10–11-кылымдагы ири шаарлардын орду, маанилүү тоо-металлургия комплекстеринин болгондугу ырасталды. Булардын ар биринде цитадель, шахристан, рабат болгон. Жадгал менен Чаткал бир эле аталыштын эки түрдүү жазылышы. Араб алфавитинде «ч» тыбышынын жоктугунан араб-фарси адабияттарында номендин башкы тыбышы «ж» тамгасы менен жазылган болуу керек (С. Өмүрзаков, 1982) деп божомолдонот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1