Жадидизм

Википедия дан

Жадидизм - (арабча жадид – жаңы), 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Россия империясынын түрк тилдүү калкындагы коомдук-саясий жана маданий-агартуу кыймылы. Алгач 19-кылымдын 80-жылдарында Волга боюна, Крым татарларына, кийин Орто Азияга (казак, кыргыз, өзбек жана башка) тараган. Негизинде жадидизм мусулман мектептеринде жана медреселерде окутуунун жаңы ыкмаларын, башкача айтканда анын мазмунун өзгөртүп, дин менен катар математика, география, тарых, биология сыяктуу сабактарды окутууну максат кылган. Жадидизмдин негиздөөчүлөрү катары И. Гаспринский, Ш. Маржани, А. Ибрагимов, М. Абдурашидханов, М. Бехбуди, А. Фитрат жана башка эсептелет. Анын жактоочулары улуттук искусствонун жана адабияттын өнүгүүсүн, аялдардын тең укуктуулугун, мектептерде өз эне тилинде окутууну, падышалык Россиянын баскынчылык саясатына каршы рухий жаңыланууну көздөшкөн. Мусулман дин мектеп, медреселеринде сакталып келаткан эски окуу-тарбия иштерин заман талабына шайкеш өзгөртүүгө аракеттенишкен. Айрым дин кызматкерлери жадидизм кыймылын динге каршы аракет катары баалап, кысым көрсөтүшкөн, ошондой эле падыша өкмөтү, анын өкүлдөрү падышачылыктын Орто Азия жана Казакстандагы баскынчы саясатына зыянкеч адамдар катары тоскоолдук кылышкан. Жадид мектептеринин окутуучуларынын көбү Казань, Уфа, Оренбург, айрымдары Стамбул, Багдад шаарынан билим алышкан. 19-кылымдын аяк ченинде Россия мусулмандары хадимчилер жана жадидчилер болуп, бири бирине каршы эки топко бөлүнгөн. Хадим багытындагылар «Сират ал-Мустаким» («Туура жол») аттуу партия түзүп, И. Гаспринский Бакчысарай шаарында чыгарган «Тержиман» гезитинин (1883-жылдан) көз карашына каршы 1907-ж. Оренбург шаарындагы басмакана ээси Г. Хусаиновдун каражатына «Дин уа магишат» («Дин жана өмүр») деген журнал чыгарышкан. Эки багыттын өз ара карама-каршылыгына, жана башка кыйынчылыктарга карабастан, жадидизм кыймылы өзгөчө күч алып, мындай мектептерде табият-таанууга, айрыкча түрк калктарынын тарыхы менен адабиятына көбүрөөк көңүл бурулган. Уфадагы «Галия», Оренбургдагы «Хусеиния», Казандагы «Мухаммедия», Кыргызстандагы «Шабдания», Казакстандагы «Мамания» сыяктуу мектеп-медреселер жадидизмдин ири очокторуна айланган. 1913-ж. Түркстан аймагында жадидизм багытындагы 92 мектеп-медресе болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1