Мазмунга өтүү

Жазма эстеликтер

Википедия дан

Жазма эстеликтерташ, чопо, жыгач, сөөк, металл, кагаз жана башка материалдарга жазылып, ушул кезге чейин сакталып калган байыркы жана орто кылымдагы эстеликтер. Аларга Египет папирустары, Вавилон-Ассирия жазмалары, байыркы герман-скандинавия элдеринин рун жазуулары, Орхон-Енисей, ошондой эле Кыргызстандагы Талас, Кочкор жазмалары, орто кылымдардагы «Кутадгу билиг», «Дивани лугат-ит-түрк» сөздүгү, Караханиддер доорундагы диний, юридикалык жана башка ар кандай мазмундагы эстеликтер кирет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1