Жазыкечүү көрүстөнү

Википедия дан

Жазыкечүү көрүстөнү – б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягы – 1-миң жылдыктын башына (коло доору) таандык чарчы, тегерек түрүндө тизмектелип, тегерете таш менен курчалган мүрзөлөр. Кетментөбө өрөөнүндөгү Көкбел ашуусунун этегинде, Бишкек–Ош жолунун эки тарабында. Археолог Н. Г. Галочкина 125 мүрзөнү изилдеген. Ар бир мүрзөнүн көлөмү 3–5 мге жетип, маркумдардын сөөгү бүрүштүрүлгөн абалда же сөөгү өрттөлүп, анын күлү карапа идишке салынып көмүлгөн. Маркум менен кошо карапа идиштер, аземдик буюмдар, коло сөйкөлөр ж. б. буюмдар коюлган. Карапалардын беттери ар кандай геометриялык фигуралар, оймо-чиймелер менен кооздолгон.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.