Жайнизмдин гносеологиясы

Википедия дан

Жайнизмдин гносеологиясы – таанып-билүүнүн эки түрүн ажыратат:

1. Тажрыйбага ж-а акылга негизделген төмөнкү (кемтиктүү) таанып-билүү;

2. Интуицияга негизделген жогорку (кемтиксиз) таанып-билүү.


Экинчи түрдөгү таанып-билүү материалдуу дүйнөнүн (адживанын) чырмоогунан бошогондордун гана колунан келет. Акылга ж-а тажрыйбага негизделген таанып-билүү оомалуу-төкмөлүү материалдуу дүйнөнү изилдегендиктен, салыштырмалуу гана мүнөзгө ээ. Ж-дин салыштырмалуу теориясы сьядва деп аталат. Батыш логикасында ой толгоолор ырастоочу (мис., Мишель студент) ж-а тануучу (мис., Мишель мугалим эмес) эки тибин ажыратат. Жогоруда аталган эки типти кошуп эсептегенде, жайнисттер ой толгоонун жети тибин (сапта-бханганая) бөлүп көрсөтүшкөн.

Ж. ой толгоолор чектүү ж-а салыштырмалуу мүнөзгө ээ, ошондуктан, ар бир ой толгоого сьят (сыягы) деген сөздү кошуу керек деп белгилешкен.

  • 1. Бардык ырастоочу ой толгоолор символикалуу түрдө “S сыягы Р” (сьят асти) формуласы аркылуу берилет. Мис., “кумура сыягы кара түстө”.
  • 2. Бардык тануучу ой толгоолордун жалпы формуласы: “S сыягы Р” (сьят насти). Мис., “кумура сыягы кара түстө эмес”.
  • 3. Татаал кубулушту сүрөттөөдө: “S сыягы Р, о. эле Р эмес” (сьят асти ча, насти ча) формуласы колдонулат. Мис., “кумура сыягы кара түстө, кээде ал кара түскө ээ эмес”.
  • 4. Эгер кубулушту сүрөттөөгө мүмкүн болбосо “S сыягы сүрөттөлбөйт” (сьят авактавьям) формуласы колдонулат. Мис., кумура чийки кезинде кара түстө, ал эми аны бышырганда, ал кызыл түскө өтөт. Демек, мындай шарттарда кумуранын чыныгы түсү кандай экенин аныктай албайбыз.
  • 5.Ой толгоолордун калган типтери алгачкы үч формуланы ар бирин төртүнчүсү м-н кезек-кезек жалгаштыруунун натыйжасында алынат. Мис., ой толгоонун биринчи тибин төртүнчүсү м-н жалгаштыруу аркылуу бешинчи типтеги ой толгоону алабыз: ”S сыягы Р ж-а ал сүрөттөлбөйт” (сьят асти ча, авактавьям ча). Мис., “Кумура сыягы кара түстө, о. эле ал кээде сүрөттөлбөйт”.
  • 6. Ой толгооонун экинчи ж-а төртүнчү типтерин бириктирүү м-н алтынчы формуланы алабыз: “S сыягы P эмес ж-а ал сүрөттөлбөйт” (сьят насти ча, авактавьям ча).
  • 7. Ой толгоонун үчүнчү тибин төртүнчүсү м-н жалгаштырууда “S сыягы Р, ошондой эле S сыягы Р эмес ж-а ал сүрөттөлбөйт” (сьят асти ча, насти ча, авактавьям ча) деген формула алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8