Жайсаң Үмөт уулу

Википедия дан

Жайсаң Үмөт уулу - "Манас" дастанындагы чоролордун бири. Аны дастан айтуучу катары чаташтырып белгилеген авторлор бар, бирок салттык "Манас" варианттарында бул дастанда Жайсаң Үмөт уулу тек гана чоро катары эскерилет.


Терминдин теги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Жайсаң" сөзү тээ илгерки (Тан сулалеси доорундагы) "цзайсань" терминине барып такалат.

Цзайсань (дзайсанг, цзайсан, зайсан) — Кытайдагы орто кылымдардагы кызматтык ири даражанын аталышы.

Кытайдын Тан сулалесинде бул даражаны алган бир нече киши жогорку министрдик ар кыл милдетти аркалаган.

"Цзайсань" сөзү кийинчерээк монгол жана ойрот элдеринде "зайсан" деген түрдө колдонулган.

Акырындап, монголдор жана чыгыш түрк калктары бул терминди киши атына (антропонимге) да айлантышкан.

Азыр да Зайсан көлү сыяктуу жер-суу аттары сакталып калган.

Орто кылымдардын соңундагы теңир-тоолук кыргыздар бул терминди "жайсаң" түрүндө колдонуп калышкан.

"Манас" дастанында Үмөт уулу Жайсаң деген колбашчыдан (кырк чоронун биринен) тышкары, калмактардын Жайсаң ысымдуу акыны да учкай эскерилет.

Аны Майрамбүбү Сармалдакова сыяктуу айрымдар чаташтырып, кыргыздын манасчысы болгон деген калпыс жоромолду таңуулаганга аракеттеништи, бирок илимпоздор 2012-жылдагы талкуулардын жүрүшүндө аны четке кагышты.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]








Колдонулган булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://traditionalknowledge.org/?page_id=2081&lang=tr(жеткиликсиз шилтеме)