Цзайсань

Википедия дан

Цзайсань (дзайсанг, цзайсан, зайсан) — Кытайдагы орто кылымдардагы кызматтык ири даражанын аталышы.

Тан сулалесинде бул даражаныалган бир нече киши жогорку министрдик ар кыл милдетти аркалаган.

"Цзайсань" сөзү кийинчерээк монгол жана ойрот элдеринде "зайсан" деген түрдө колдонулган.

Акырындап, монголдор жана чыгыш түрк калктары бул терминди киши атына (антропонимге) да айлантышкан.

Азыр да Зайсан көлү сыяктуу жер-суу аттары сакталып калган.

Орто кылымдардын соңундагы теңир-тоолук кыргыздар бул термирнди "жайсаң" түрүндө колдонуп калышкан.

"Манас" дастанында Жайсаң Үмөт уулу деген колбашчыдан (кырк чоронун биринен) тышкары, калмактардын Жайсаң ысымдуу акыны да башка бир жерде учкай эскерилет.

Аны Майрамбүбү Сармалдакова сыяктуу айрымдар чаташтырып, кыргыздын манасчысы болгон деген калпыс жоромолду таңуулаганга аракеттеништи, бирок илимпоздор 2012-жылдагы талкуулардын жүрүшүндө аны четке кагышты.


Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]